Нарын шаарында жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Таалай көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1950-жылы туулган К.Н. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 3 куткаруучу тартылган.