Мугалимдиктен министрликке чейин: Жаркынбек Касымбеков тууралуу кызыктуу фактылар

Мугалимдиктен министрликке чейин: Жаркынбек Касымбеков тууралуу кызыктуу фактылар

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу министрдин орун басары болуп жаңы дайындалган Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү.

Жаркынбек Касымбеков 1973-жылы 19-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Медицина илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун магистри.

2001-жылы  Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аспирантурасын аяктаган. Ал эми 2002-жылы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында магистр даражасын алган.

Эмгек жолун Жаркынбек Касымбеков 2003-жылы КР президентинин иш башкармалыгындагы дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинде уролог болуп иштөөдөн баштаган, 2003-2006-жылдары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын жана №12 үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары болуп эмгектенген. 2005-жылы «Элиме» коомдук бирикмесинин төрагасы, 2009-2010-жылдары Элдик медицинанын илимий-өндүрүштүк борборунун башкы дарыгери кызматын аркалаган. 2009-2010-жылдары КР президентине караштуу Коомдук палатанын социалдык саясат, согуштун жана оорук ардагерлеринин укуктарын коргоо, миграция жана саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенген. Андан соң 2010-жылы Чүй районунун акиминин милдетин аткаруучу болсо, 2010-2012-жылдары  «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директорунун орун басары болуп иштеген.

2012-2014-жылдары Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары жана 2014-2015-жылдары Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери болуп эмгектенген. 2015-2017-жылдары «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинде улук илимий кызматкер жана 2017-2018-жылдары Эл аралык медициналык университеттин ректору болсо 2018-2020-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде мугалим болуп эмгектенген. 2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого «Ынтымак» саясий партиясынан катышкан, бирок ага мандат тийген эмес.

Буга чейин Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ушул эле күнү Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>