Нарында 90% элде көмүр жок

Нарында 90% элде көмүр жок

Нарын облусунун тургундарынын көбү кышкыга көмүр ала элек. Бул тууралуу депутат Бейшеналы Нурдинов парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

«Облус башчысы тургундардын 52 пайызы көмүр менен камсыз болгонун айтууда. Бирок чындыгында социалдык мекемелерде гана көмүр бар. Калктын 90 пайызында көмүр жок. Көмүр шахталарында миңдеген машина кезекте турат. Нарындын климаты катаал, алардын унааларын кезексиз көмүр алууга киргизүү керек», — деп сунуштады эл өкүлү.

Айсулуу Мамашева да кесиптешин колдоп, көмүрдүн баасы кескин кымбаттаганын кошумчалады.

«Биз күйүүчү-майлоочу майлардын баасын айтып жаткан жокпуз, бирок көмүрдүн баасын төмөндөтсө болот. Анын үстүнө министрлер кабинети мамлекеттик көзөмөл орнотууну убада кылды. Ал кайда?» – деп ачууланды.

Бийлик көмүрдүн баасын 4 миң 500 сомдон ашырбоо талабын койгон, бирок көмүр кампаларында 6 миңден жогору саткандар дагы кездешүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>