Кыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөт

17.11.2026 | 17:33
Сборные Кыргызстана и Вьетнама сыграют товарищеский матч: стартовый состав — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын футбол курамасы бүгүн, 17-ноябрда, Вьетнамдын курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн Вьетнамдын Намдинь шаарында өтөт, Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Бул Урмат Абдукаимовдун командасынын ФИФАнын ноябрдагы терезесиндеги экинчи оюну.

14-ноябрда Кытай Тайбэйи менен болгон оюнга салыштырмалуу (Кыргызстан 3:0 эсебинде утуп алган) баштапкы курамда үч өзгөрүү бар. Оюнга биринчи мүнөттөн тартып дарбазачы Эржан Токотаев, Саид Дациев жана Манас Карипов чыгат. Алар Артем Прядкин, Арлен Бексулов жана Жоэл Кожонун ордун басты.

Кыргызстандын курамасынын баштапкы курамы:

Эржан Токотаев, Валерий Кичин (капитан), Саид Дациев, Кристиан Браузман, Эльдияр Зарыпбеков, Кими Мерк, Одилжон Абдурахманов, Кайрат Жыргалбек уулу, Сирожиддин Астанакулов, Манас Карипов, Эрбол Атабаев.

Запастагы оюнчулар: Прядкин, Нурланбеков, Козубаев, Акматов, Кожо, Батырканов, Алыкулов, Нематов, Мурзаков, Сулайманов, Кай, Бексулов.

Буга чейин Кыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бир гана жолу беттешкен. 2024-жылдын январында Азия кубогу башталар алдында алар Дохада ойношуп, анда Штефан Тарковичтин командасы 2:1 эсебинде жеңген. Голдорду Жоэл Кожо жана Айзар Акматов киргизген.

Теги: футбол
Scroll to Top