Нарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды

2025-жылдын 9-октябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору К.Н.Т. кармалды.
Ал кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын шаарынын тургуну А.Б.Н.нын акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган деп шектелүүдө.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилип, соттун чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.
Бул иш боюнча тергөө жана ыкчам иликтөө иштери улантылып жатат.