Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат
ЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
30.10.2026 | 17:15

Министрлер кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип, Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 27-октябрында жаран кызматкер өзүнө байланыштуу материал боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн андан 100 миң сом талап кылып жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө версиясы боюнча, шектүү 60 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: задержание