Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Азия оюндары: Бүгүн Нуржигит Дүйшөбаев беттешке чыгат
03.10.2023 | 09:20
Бүгүн, 3-октябрда кыргызстандык боксчу Нуржигит Дүйшөбаев Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалында беттешке чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Нуржигит Дүйшөбаев 51 кг салмакта күч сынашууда. Жарым финалга чыгуу үчүн ал япониялык Томоя Цубои менен кез келет. Япониялык балбан 2021-жылы дүйнө чемпиону болуп, 2022-жылы Азия биринчилигинде коло байгеге тагынган.
Эскерте кетсек, буга чейин мелдештин чейрек финалына чейин жеткен Аскат Култаев (63 кг) менен Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) атаандаштарына жеңилип, жарым финалга чыга албай калган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз