Казакстан тууралуу жагымсыз пикир айткан чет элдиктердин тизмеси түзүлүүдө

Казакстан тууралуу жагымсыз пикир айткан чет элдиктердин тизмеси түзүлүүдө

Казакстанда өлкө тууралуу терс пикир айткан чет элдиктер атайын тизмеге киргизилүүдө жана алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

«Албетте, бул тизмени биз түзүп жатабыз. Бирок бул жумушчу тизме, биз аны ачыкка чыгарбайбыз. Санын дагы айта албайм. Өлкө жөнүндө жагымсыз пикир айткандар көңүл сыртында калбайт. Алар үчүн чек ара жабылат, өлкөгө киргизилбейт», — деди Смадияров.

Буга чейин орусиялык дарыгер жана блогер Илья Магеря “империя” Казакстанда Илимдер академиясын, космодромду, ишканаларды жана “кырк шаарды” курган айткан.

«Казакстанды Орусиядан такыр айырмалай албайм, бүт балалыгым ошол жерде өттү. Бирок кайыкты солкулдаткан айрым бузукулардан улам биз чындап эле согушабыз», — деген Магеря.

Казакстандын ТИМ өкүлү ага “салам” жолдоп, Казакстан тууралуу керексиз сөздөрдү айткандын ордуна кишилерди эмдөөгө кеңеш берди.

Соңку мезгилде орусиялык саясат таануучулар менен серепчилеринин Казакстанга байланыштуу терс билдирүүлөрү көбөйдү. Казакстан калкынын активдүү бөлүгү мындай билдирүүлөрдү коркунуч катары кабыл алууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>