8 млн сомго саткан. Баткендин тургуну мыйзамсыз лотерея уюштурган

18.08.2023 | 21:28

Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея уюштурган жаран аныкталды. Бул тууралуу УКИКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, лотерея уюштурууга Самаркандек айылынын 30 жаштагы тургуну К.у. К. жана башка адамдар катышкан.

«Уюштуруучулар 8 миллион сомдон ашык лотерея билеттерин сатып, төлөмдү онлайн арыздар аркылуу алышкан. Лотереянын жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүлгөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз ишкердик кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду”, – деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулардын үйлөрүн тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотула турган унаалардын документтери, лотерея билеттери жана башка ишке тиешелүү документтер алынган.

[image_carousel source=”media: 196202,196203,196204″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top