8 млн сомго саткан. Баткендин тургуну мыйзамсыз лотерея уюштурган

8 млн сомго саткан. Баткендин тургуну мыйзамсыз лотерея уюштурган

Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея уюштурган жаран аныкталды. Бул тууралуу УКИКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, лотерея уюштурууга Самаркандек айылынын 30 жаштагы тургуну К.у. К. жана башка адамдар катышкан.

«Уюштуруучулар 8 миллион сомдон ашык лотерея билеттерин сатып, төлөмдү онлайн арыздар аркылуу алышкан. Лотереянын жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүлгөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз ишкердик кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулардын үйлөрүн тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотула турган унаалардын документтери, лотерея билеттери жана башка ишке тиешелүү документтер алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>