Футбол. Кыргызстан Бахрейнди 1:0 эсебинде уттуНарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштады
Элчилик Россиядагы кыргызстандыктарга кайрылды
24.06.2023 | 16:22
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россия Федерациясынын Украина менен чектеш аймактарында абалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарын бул аймактарга баруудан карманып турууну өтүнөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.
“Ошондой эле аталган аймактарда жашаган жарандарды коопсуздук чараларын сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине дароо кайрылууга чакырабыз”, – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Кандайдыр бир муктаждык пайда болсо элчиликтин ишеним телефондоруна кайрылууну өтүнүшөт: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом