Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Кайгуул кызматкерлери менен мушташкан кыздардын видеосу тарады
29.05.2022 | 17:50
Бишкек шаарындагы Ынтымак паркынын жанында кыздар кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга кол көтөрдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чыңгыз Айтматов жана Апсамат Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей, ал жерде унаа кыймылын кайгуул кызматкерлери жөнгө салып жаткан.
Айдоочулар кайгуул кызматкерлерине унаа кыймылына тоскоолдук жараткан кайырчыларды жолдон алууну өтүнүшкөн. Бирок, кайырчылык менен алектенген кыздар аларды укпай, кызматкерлерге кол салып, ур-тепкиге алышкан.
Кийин кыздар Октябрь райондук милицияга жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар