Президент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды
Жалал-Абад: Темир ширетүүчү заводдун жарылуусунан үч кишинин абалы оор
29.05.2022 | 22:47
Бүгүн, 29-майда Жалал-Абад шаарындагы темир ширетүүчү заводдун меши жарылып, 7 киши облустук ооруканага түшкөнүн Турмуш басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, ооруканага кайрылгандарды төртөө алгачкы медициналык жардам алып үйлөрүнөн дарыланганы кетишкен. Ал эми анын үчөөнүн денелеринин 90 пайызы күйүп калган.
Жалал-Абад облустук оорукананын маалыматы боюнча үч жабырлануучунун абалы оор. Алар бүгүн саат 3:53тө ооруканага түшкөн.
Жарылуудан жабыркагандарга куткаруучулар жана чогуу иштешкендер жардам беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар