Жалал-Абад: Сел жүргөн жердеги ылайлар тазаланууда

Жалал-Абад: Сел жүргөн жердеги ылайлар тазаланууда

Жалал-Абад облсунун аймактарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сел суу аралаш агып келген кум шагылдар техника жана кол каражаттарынын жардамында тазалоо жумушу жүрүүдө.

29-май күнү таң эрте шаар аймагындагы Жарандык коргонуу кызматтарына «Айгай» жарыяланып 141 кызматкер 14 техника тартылган.

Жерине ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнөн 50 куткаруучу тартылып мотопомпанын жардамы менен түнү менен сел суулар сордурулган.

28-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам кокту колоттон чогулган суулар 17 турак жайды, 1 көп кабаттуу үйдүн, 5 мамлекеттик жана 3 жеке менчик объектилердин короолорун, жер төлөлөрүн сел суулар каптаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>