Мойнуңарга минип алышат. Ташиев жергиликтүү бийликтегилерге эскертүү берди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштери менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Анда Ташиев жергиликтүү бийлик органдарынын ишине тыштан кийлигишүүгө жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
«Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине эч бир адам кийлигишпеш керек. Эскертип жатам. Базар-Коргон районуна парламент депутаты Айбек Алтынбеков киришип жатыптыр деген маалымат бар. Жакындатпагыла. Эгерде силерди укпай, депутаттар кийлигишип жатса коопсуздук органдарына кайрылгыла. Өзүңөр бош болсоңор, шылкыйып отурсаңар, келип мойнуңарга минип алат», — деп билдирди Ташиев.
Ал курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, алар өз убагында жана талапка ылайык бүтүшү керектигин эскертти.