Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Мыйзамсыз акча жыйнаган Соцфонддун аппарат жетекчиси кармалды
18.11.2020 | 08:43
Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен ири өлчөмдө мыйзамсыз акча жыйнап турган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлайт.
Маалыматта айтылгандай, аппарат башчынын тапшырмасын аткаруу үчүн Соцфонддун аймактардагы айрым жетекчилери түрдүү чыгымдарга сарпталды деп ири суммадагы акча каражаттарын чыгарып турган.
Бул факты боюча Жазык кодексинин 98-беренеси менен кылмыш иши козголуп, Акылбек Байдылдаев 17-ноябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар