Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
«Памир Стройдун» ээси 500 миң $ алдамчылыкка шектелип кармалды
15.07.2025 | 22:17

Президент Садыр Жапаровдун жакынынын атын жамынып 500 миң доллар алган деген шек менен «Памир Строй» курулуш компаниясынын ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал жаран 2023-жылы башка бирөөнүн жер тилкесине үлүштүк негизде көп кабаттуу үй курууну макулдашкан. Бирок жер тилкенин бир бөлүгү мамлекетке өтүп калган. Андан соң шектүү бул маселени өлкө башчынын жакыны аркылуу чечип берем деп, жабырлануучудан 500 миң доллар алган.
УКМК шектүүнүн алдамчылык менен акча алганын тастыктап, аны камакка алганын билдирди.
Учурда окуяга байланыштуу башка адамдарды аныктоо үчүн кошумча тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар