Амангелдиев: КР Министрлер кабинети 2026–2027-жылдарга бааларды ооздуктоо планын даярдадыКыргызстандын куралдуу күчтөрү Орусияда өтүп жаткан «Вызов» мелдешине катышуудаМайрам күндөрү Бишкектеги Калкты тейлөө борборлору иштебейтСоода борборлорунун жана базарлардын жабылышына байланыштуу ишкерлерге ижара акысы боюнча жеңилдиктер берилбейт — Бишкек шаарынын мэриАжылык – 2027 сапарына каттоо башталды. Кантип катталса болот?Манас шаарындагы «Акылман» лицейи сентябрь айында ачылат
«Памир Стройдун» ээси 500 миң $ алдамчылыкка шектелип кармалды
15.07.2025 | 22:17

Президент Садыр Жапаровдун жакынынын атын жамынып 500 миң доллар алган деген шек менен «Памир Строй» курулуш компаниясынын ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал жаран 2023-жылы башка бирөөнүн жер тилкесине үлүштүк негизде көп кабаттуу үй курууну макулдашкан. Бирок жер тилкенин бир бөлүгү мамлекетке өтүп калган. Андан соң шектүү бул маселени өлкө башчынын жакыны аркылуу чечип берем деп, жабырлануучудан 500 миң доллар алган.
УКМК шектүүнүн алдамчылык менен акча алганын тастыктап, аны камакка алганын билдирди.
Учурда окуяга байланыштуу башка адамдарды аныктоо үчүн кошумча тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар