Самат Токтоналиев спорт агенттигинин директорунун орун басары болду

13.11.2020 | 14:24

Самат Токтоналиев Жаштар иштери, дене тарбия жан спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун жаштар саясаты боюнча орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун агенттиктин басма сөз катчысы кабарлады.

Белгилей кетсек, Токтоналиев 2-ноябрда кызматынан бошотулган Мирлан Пархановдун ордуна келген.

Токтоналиев Самат Садыкович 1979-жылы 24-июнда Нарын шаарында төрөлгөн. В.П.Чкалов атындагы №2 мектепти бүтүргөн. 1996-2001-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде юридикалык билим алган. 2003-2004-жылдары Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу адистиги боюнча магистратурада окуган.

Эмгек жолу:

  • 2019 -2020-жж. –Өкмөткө караштуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Спорттук курулуштар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;
  • 2018-2019-жж. – «Чайна Петроль Компани Джунда» ЖЧКнын юристи;
  • 2017-2018-жж. – Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик-жеке кызматташтык жана инвестицияларды тартуу секторунун жетекчиси;
  • 2017-ж – Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында башкы адисинин милдеттерин аткаруучу (юрист);
  • 2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук экспертиза жана персоналды башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2015-2016-жж. – Евразия Фондунун онлайн кеңеш берүү боюнча долбоорунун юрист кеңешчиси;
  • 2013-2015-жж – «Деревообрабатывающий завод-3» ААКтын генералдык директору;
  • 2008-2013-жж. – ЖЧК «Кастомс Карго Сервис», ААК «ДОЗ-3», ЖЧК «Консалт Карго», ЖЧК «Волшебная лампа», ЖЧК «Касабланка Де Люкс» компанияларынын юристи;
  • 2008-ж. – «Kyrgyz Concept» ЖЧКнын улук юристи;
  • 2007-2008-жж. – Швейцария агенттигинин колдоосундагы «LARC» өкмөттүк эмес уюмунун Сокулук филиалынын директорунун милдеттерин аткаруучу;
  • 2005-2007-жж. – Швейцария агенттигинин колдоосундагы «LARC» өкмөттүк эмес уюмунун Ат-Башы филиалынын директору;
  • 2004-2005-жж. – «Союз-БТ» кичи насыя компаниянын аткаруучу директору;
  • 2004-ж. – Швейцария агенттигинин колдоосундагы «LARC» өкмөттүк эмес уюмунун Нарын филиалынын ассистенти;
  • 2002-2003-жж. – «Укуктук маалыматтын китепкана борбору», «Сорос – Кыргызстан» фондунун долбоорунун юрист-координатору;
  • 2001-2003-жж. – Нарын Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин мугалими;
  • 1999-2000-жж. – «Молодые юристы Кыргызстана» Коомдук Бирикмесинин Нарын филиалынын уюштуруу бөлүмүнүн координатору.
Scroll to Top