Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Сот аткаруучулар үчүн 99,3 млн сомго 50 унаа сатып алынат
29.09.2023 | 09:40
Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү үчүн 99 млн 303,7 миң сомго жеңил унааларды сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Унааларды сатып алуу үчүн сынак Жогорку соттун Сот департаменти тарабынан жарыяланган.
Маалыматка караганда, 85 млн 401,2 миң сомго бензин менен жүргөн 43 унаа сатып алуу пландалууда. Ошондо бир унаа 1 млн 986 миң 75 сомдон же 22 миң 388 доллардан айланып калат.
Андан тышкары 13 млн 902,5 миң сомго 7 электрунаа сатып алуу каралган. Бул жакта да бир унаанын баасы 1 млн 986 миң 75 сомду же 22 миң 388 долларды түзүп калат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом