Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү
Бишкек шаарында 20-декабрда N2 төрөт үйүндө 37 жаштагы Нурзида Садырбаева аттуу шаар тургуну үч эм төрөдү. Бул тууралуу №2 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Майрам Керималиева кабарлады.
Ал билдиргендей, жарык дүйнөгө келген наристелер – эркек балдар.
“Ымыркайлар 35 жумалыгында кесарево жолу менен эртең мененки саат 10:06да жарык дүйнөгө келген. Алардын үчөө тең эркек балдар, биринчи төрөлгөн уулдун салмагы – 2360, экинчиси – 1900, үчүнчүсү 2490 грамм салмакта төрөлдү. Учурда абалы операциядан кийинки мезгилге туура келип канааттандырарлык”, – дейт ал.
[image_carousel source=”media: 170285,170286″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз