Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкек шаарында 20-декабрда N2 төрөт үйүндө 37 жаштагы Нурзида Садырбаева аттуу шаар тургуну үч эм төрөдү. Бул тууралуу №2 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Майрам Керималиева кабарлады.

Ал билдиргендей, жарык дүйнөгө келген наристелер — эркек балдар.

«Ымыркайлар 35 жумалыгында кесарево жолу менен эртең мененки саат 10:06да жарык дүйнөгө келген. Алардын үчөө тең эркек балдар, биринчи төрөлгөн уулдун салмагы — 2360, экинчиси — 1900, үчүнчүсү 2490 грамм салмакта төрөлдү. Учурда абалы операциядан кийинки мезгилге туура келип канааттандырарлык», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>