Видео: Афганистандан Россияга баңгизат ташыгандар кармалды

Видео: Афганистандан Россияга баңгизат ташыгандар кармалды

Россияга өзгөчө ири партияда баңгизаттарды ташыган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү  кызматына узак убакыттан бери Афганистандан чыккан баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын чет мамлекеттер аркылуу транзит менен жеткирип жана сатып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу баңги тобу боюнча ыкчам маалымат келип турган. Борбор Азиядан Россияга, Балтика өлкөлөрүнө, андан ары Европага  баңгизаттарды жүк ташуучу унааларда жасалган жашыруун жерлерге, эл керектөөчү товарларга, курулушка же айыл чарба продукцияларына катуу жолу менен ташышкан.

«Жогорудагы улуттар аралык баңги тобунун курамы Борбор Азиянын, Россиянын жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарынан түзүлгөн. Бул топ ролдорду бөлүштүрүү жана купуялуулук белгилери бар кеңири структурага ээ. Бул факты боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү  кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аталган баңги топтун активдүү мүчөсү, Россиянын 34 жаштагы М.С. аттуу жараны кармалгандыгы аныкталган. 2022-жылдын 21-ноябрында Новосибирск шаарынан ижарага алынган кампага тинтүү жүргүзүлүп, «травертин»  фасаддык плиткаларына катылган 68 килограмм «Афган чарсы» жана таңгакталган 4 килограмм «Героин» баңгизаты табылып алынган», — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалган жаран М.С. Бишкек шаарындагы 2 шеригинин жардамы  менен баңгизат ташууну уюштурган.

«ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери жүргүзүшкөн андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кармалган жарандын «Жавлон» жана «Айдар» аттуу эки шеригин аныкташкан. Бишкек  шаарынын Жаш Гвардия менен Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 25 жаштагы К.Ж. кармалган. Андан кийин Панфилов-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинен экинчи шериги — Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 25 жаштагы А.А. кармалган. Алар жогорудагы Россиянын жаранына Россияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен алып өтүүнү уюштурууга жардам берип жүрүшкөн.

Учурда бул баңги кылмыштарына дагы эки адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Алар — Баткен облусунун Исфана шаарынын 46 жаштагы Р.Р. аттуу тургуну жана 35 жаштагы К.З. аттуу жаран. Бул жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп билдирет министрлик.

ИИМден белгилешкендей, иликтөөнүн жүрүшүндө жарандар К.Ж., А.А., К.З. жана Р.Р. белгисиз жарандар менен бирге Россияга жөнөтүү үчүн Сары-Таш плиткаларына баңгизаттарды жашырган жерлерди жасашкан гараж табылган. Баңгизаттарды жашырган плиткаларды өндүрүү үчүн арналган далил заттар табылып алынды. Иликтөө жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>