Жүзүм өстүрүү тармагында оң динамика байкалууда. Түшүм 18,5% көбөйдү

23.07.2025 | 12:03

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жүзүм багбанчылыгы тармагында туруктуу өсүш байкалууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлагандай, жүзүмдүн түшүмү 1 530,2 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 18,5 пайызга жогорулаган. Республика боюнча орточо түшүмдүүлүк гектарына 23,2 центнерди түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылдагыдан 19,6 пайызга көп.

Министрликтин маалыматына караганда, 2025-жылдын январь-май айларында тармакты өнүктүрүү максатында Сербиядан 60 миң даана сапаттуу жүзүм көчөтү алынып келинген. Көчөттөр тиешелүү карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн өтүп, вируссуз жана техникалык сорттор негизинде тандалып алынган.

Мындан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районунда жүзүмчүлүктү колдоо боюнча бир катар демилгелер ишке ашырылууда.

– “Достук Кадырбек” айыл чарба кооперативи аватар сорту боюнча көчөт өндүрүүдө;

– “Элдик түшүм Жаңы-Жер” кооперативи кишмиш сортуна адистешкен.

– Райондо аватар, маникюр фингер, кишмиш сортторун өстүрүүгө багытталган жаңы питомник уюштурулууда.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top