Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсү менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жүрүш саат 9:00 дө башталды.
Жүрүшкө Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп алып, алардын эрдиктерин даңктап баратышат.
1 миңдей адам чогулду. Алар Байтик Баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө басышат. Иш-чаранын уюштуруучулары катышуучуларды провокацияга алдырбоого чакырышты.
COVID 19 илдетинен соң кайрадан Кыргызстанда аталган жөө жүрүш болуп жатат