Арзыбек Кожошев 99 жаштагы Асек Урманбетовго барды

Арзыбек Кожошев 99 жаштагы Асек Урманбетовго барды

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барууну улантышууда. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 1943-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, согуштун ардагери Асек Урманбетовдон кабар алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата президент Садыр Жапаров бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 10 миллион 807 миң сом бөлүү тууралуу буйрукка кол койгонун белгиледи. Ага ылайык  согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон берилди.

«Биз фашизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкон ата-бабаларыбыз менен сыймыктанабыз, алар ар дайым биз үчүн үлгү болуп кала беришет. Чоң атам Улуу Ата Мекендик согушта Харьковдун жанында кызмат өтөгөн,  бизге кесиптештеринин эрдиктерин айтып берип, биз үчүн тирүү легенда болгон. Сиз душман алдында элдин ынтымагын, бекемдигин өз үлгүңүз менен көрсөттүңүз. Улуу Жеңиш үчүн рахмат», — деди Арзыбек Кожошев.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов учурда 99 жашта.  Ал Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы Кызыл Жылдыз ордени, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>