Мэрия элди убагында тейлебеген маршруттук каттамдарга чара көрөт

Мэрия элди убагында тейлебеген маршруттук каттамдарга чара көрөт

Мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы «Шыдыр Жол КЖ» ЖЧКсы тейлеген №35 жана 41-маршруттук каттамдардагы абалды тактоодо. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, айдоочулар жумуштагы кемчиликтерди тез арада жойбосо, «Шыдыр Жол КЖ» ЖЧКсына карата келишимди бузууга чейин тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мындай чараларды көрүүнүн себеби ишкана келишимдик милдеттенмелерин системалуу түрдө аткарбай, аларга берилген маршруттар боюнча кыймылдуу курамдын пландуу чыгуусун сактоо боюнча пункттарды бузуп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.

Ошондой эле, 35-41-маршруттук автобустар линияга чыкпай жаткандыгы жана бул каттамдардын автобустарын күткөн аялдамаларда элдин көптүгү тууралуу көптөгөн видеолор, сүрөттөр, жарандардын кайрылуулары бар экенин белгилей кетүү керек. .

Бул ишкананын жетекчилигине мыйзам бузууларды жоюу эскертүүлөр бир нече жолу жөнөтүлгөн.

Бир күн мурун Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев эл менен жолугушуу өткөрүп, бул маселени тез арада чечип берүүнү убада кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>