Өкмөттө ЮНИСЕФтин өкүлү менен балдардын укуктарын коргоо маселеси каралды

29.06.2026 | 16:21
Өкмөттө ЮНИСЕФтин өкүлү менен балдардын укуктарын коргоо маселеси каралды — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 29-июнда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушту. Анда тараптар балдардын укуктарын коргоо жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эмгек миграциясынын балдарга тийгизген таасири, майыптыгы бар балдар үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана балдар эмгегине бөгөт коюу сыяктуу маселелер каралган. Бул багыттарга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы айтылган.

Улан Маматканов ЮНИСЕФти стратегиялык өнөктөш катары атап, уюмдун үй-бүлөнү колдоо жана инклюзивдүү билим берүү тармагындагы ишине жогору баа берген. Ал балдардын укуктарын коргоо өлкөнүн улуттук приоритети экенин белгилеген. Ошондой эле Министрлер кабинети ЮНИСЕФтин өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар балдардын жыргалчылыгын камсыздоо үчүн социалдык кызматтар системасын чыңдоо боюнча кызматташтыкты улантууну макулдашышкан.

Scroll to Top