Ысык-Көл ОИИБ эс алуу аймагындагы гидроскутерлер боюнча маалыматты текшерип жатат

29.06.2026 | 15:22
Ысык-Көл ОИИБ эс алуу аймагындагы гидроскутерлер боюнча маалыматты текшерип жатат — Новости Кыргызстана

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы пансионаттардын биринде эс алуучулар пирске өтө жакын аралыкта жүргөн гидроскутерлерди видеого тартып, Reporter.kg редакциясына жөнөтүшкөн.

Видеонун автору белгилегендей, айдоочулардын бири гидроскутерди айдап баратып телефон менен сүйлөшкөн жана пирске болжол менен 15-20 метрге чейин жакын келип, эс алуучулардын коопсуздугуна потенциалдуу коркунуч жараткан.

«Гидроскутерде баратканы аз келгенсип, айдап баратып телефон менен да сүйлөшүп жатат. Пирске өтө жакын — 15-20 метрдей аралыкка чейин сүзүп келип жатат. Эгер ушул маалда бирөө сууга түшүп жаткан болсо, (астына) тартып кетиши мүмкүн да. Өтө жакын келип жатат. Өтө жакын», — дейт видеонун автору.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын март айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көлдө суу транспортун пайдаланууну жөнгө салган мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон.

Документке ылайык, адамдар массалык түрдө эс алган жайларда гидроциклдерди колдонууга тыюу салынат. Эрежени бузгандар үчүн айып пул каралган: жеке жактарга — 5 миң сом, ал эми юридикалык жактарга — 10 миң сом. Тартипти бузуу кайталанган учурда айып пулдун өлчөмү тиешелүүлүгүнө жараша 15 миң жана 20 миң сомго чейин көбөйөт.

Ошол эле учурда, мыйзам экологиялык нормаларды жана коопсуздук талаптарын милдеттүү түрдө сактоо шарты менен, адамдар массалык топтолбогон атайын бөлүнгөн туристтик аймактарда төрт такттуу жана электр кыймылдаткычы бар гидроциклдерди колдонууга уруксат берет.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан (ОИИБ) Reporter.kg басылмасына билдиришкендей, милиция кызматкерлери жерине барып, гидроциклдерди ижарага берүү кызматын көрсөткөн ишкерлер менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Scroll to Top