«Кыргызалтын» 2025-жылы 18,7 млрд сом таза киреше тапкан. Өкмөт башчы ишкананын иши менен тааныштыЖапайы жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдардын өлчөмү жогоруладыСаясат таануучу Бактыбек Жумагулов 10-июнга чейин СИЗОго камалдыУКМК: Сириядагы согуш аракеттерине катышкан жаран кармалдыТогуз-Тородо тургундарга 6 миң түп алма көчөтү бекер таратылдыАзия чемпионаты: Бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт
Октябрь районунун акими кызматын тапшырды
02.07.2020 | 13:29
Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун акими Максим Ситников ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Ситников ден соолугуна байланыштуу өз каалосу менен жумуштан кеткен.
Ситников 2019-жылдын февраль айында Бишкек мэриясынын транспорт тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэрлик кызматынан Октябрь райондук акимдигине которулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом