Июль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалууда
Олимпиада-2024: Бүгүн дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу мелдешке чыгат
28.07.2024 | 09:12
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын экинчи күнүндө Кыргызстандан бир спортчу чыгат.
Кубанычбек Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде медаль үчүн күрөшөт. Дзюдо боюнча мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.
Кыргызстандык спортчу 1/16 финалдан баштайт, анын атаандашы украиналык Богдан Ядов болмокчу.
Белгилей кетсек, 26-июлдан 11-августка чейин созула турган Олимпиада оюндарында 200дөн ашык өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу күч сынашат. Париж-2024 мелдешинин программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Анда 329 медалдардын топтому ойнотулат.
Кыргызстандын атынан Олимпиадага 16 спортчу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге чыгышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар