Бишкек шаардык соту Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча ишти карады. Анда шаардык сот административдик соттун чечимин күчүндө калтырган. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим 26-июнда чыккан.
Буга чейин, 9-июнда Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун шайлоодогу атаандашы Равшан Рысбаевдин бир мандаттуу Көк-Жар шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арызын карап, аны канааттандырган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз