Камактагы Искаковдун жактоочулары облустук сотко кайрылды

Камактагы Искаковдун жактоочулары облустук сотко кайрылды

«Мыйзамсыз жол тосууга» шектелип эки айга камакка алынган активист Эртай Искаковдун жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Чүй облустук сотуна кайрылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жактоочусу Алманбет Бексултанов билдирди.

Анын айтымында, алар Искаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү жана кармалышынын мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын кароо маселеси боюнча сотко кайрылышкан. Азырынча соттук отурум өтө турган күн белгилүү боло элек.

Эскерте кетсек, 14-июлда саат 20:30дарда Селекция айылынын жана ага караган Сары-Өзөн конушунун тургундары 3 ай суусуз отурганын билдирип, митингге чыгышкан. Акцияга чыккан жарандар Бишкек – Күн-Туу жолун тоскон. Жерине милиция, жергиликтүү бийликтин, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери келген. Милиция билдиргендей, алар эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда, жарандар укук коргоо кызматкерлерине таш ыргытып, жол тосууну улантышкан. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен 15-июлда саат 02:00до жол ачылган.

Эртеси күнү Сокулук райондук милицияга Селекция менен Сары-Өзөндүн тургундары жана активист Эртай Искаков жеткирилип, суракка алынган. Алардын арасынан 49 жаштагы Б.Б., 51 жаштагы Б.Б. аттуу жарандар жана активист Эртай Искаков 48 саатка камакка алынган.

Аталган эки жаран «бейбаштыкка», ал эми активист «мыйзамсыз жол тосууга» шектелүүдө. Милиция билиргендей, Эртай Искаков аталган конуштардын тургундары ачкан Whatsapp тайпасында эл чечкин аракеттерди жасабаса, маселе чечилбей турганын айтып тургундарды жол жабууга чакырган. Нааразычылык акциясын соцтармактагы баракчалары аркылуу чагылдырып берерин айткан.

Ошол эле учурда, активисттин жактоочусу Алманбет Бексултанов милиция тарабынан айтылган айыптарды четке кагып, аларды куру доомат катары баалаган. Анын айтымында, Искаков суусуз отурган элге жардам берүүгө аракет кылганы үчүн жапа чегүүдө.

Сокулук райондук соттун чечими менен кармалган үч адам тең 2 айга камакка алынган.

Эртай Искаковдун жактоочусу: Элге жардам берем деп жапа чегүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>