Ормуков: Өмүрбек Текебаев мандатынан толук ажырады

Ормуков: Өмүрбек Текебаев мандатынан толук ажырады

Өмүрбек Текебаев бүгүнтөн баштап депутат эмес. Мындай пикирин активист, акын Темирлан Ормуков бүгүн, 25-декабрда “Фейсбук” баракчасына жазды. 

«Биринчи инстанциядагы административдик соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди. Текебаев бүгүнтөн баштап депутат эмес», — деп билдирүү калтырган акын.

Буга чейин Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз мандат алган деген арыз менен Административдик сотко кайрылып, сот анын пайдасына чечим чыгарган.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>