Орус драма театрынын жамаатынын бир бөлүгү жетекчисин кызматтан кетишин талап кылышууда

Орус драма театрынын жамаатынын бир бөлүгү жетекчисин кызматтан кетишин талап кылышууда

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын жамаатынын бир бөлүгү директор Евгений Кузнецовду кызматтан алуу өтүнүчү менен маданият министри Азамат Жаманкуловго кайрылуу жолдошту.

Алардын айтымында, ал театрды артта калган театр жана оюн-зоок ишканасына айландырган.

Артисттер менен жумушчулар театрдын имаратынын ичи-тышы талкаланып жатканын, көрүүчүлөр залында да антисанитардык жагдай болуп жатканын, тазалоочулардын ставкасы азайгандыктан тазалаганга эч ким жок экенин айтып, чиновникке арызданышты.

Ошондой эле кайрылуунун авторлору Евгений Кузнецов тиешелүү билими жок театрдын мурдагы директору Александр Кулинскийди юрист кылып алганын айтышкан. Алар Маданият министрлигинин жетекчисинен текшерүү дайындап, театрга жаңы жетекчи дайындоону суранышат.

Актёрлор да айлыктын деңгээлине канааттанбай, өтө аз экенине нааразы болушту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>