Чаткалда шыбы ураган мектепте жабыркагандардын абалы кандай?

Чаткалда шыбы ураган мектепте жабыркагандардын абалы кандай?

Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептеги кырсыктан улам жабыркагандар кандай жараат алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаевага шилтеме берүү менен аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мектептеги кырсыктан улам мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык. Дарыгердин көзөмөлүндө болушу үчүн стационарда калтырылган. Аларга коркуу, чочуу жана стресс абалда болуу диагнозу коюлган.

Кырсык болгондон кийин жалпы Ала-Бука райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 16 адам жеткирилген.

Буга чейин ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу классынын шыбы урап түшкөнүн, окуучулар менен мугалим ооруканага жеткирилгенин билдирген. 

Бүгүн ӨКМ маалымдагандай, Чаткал районундагы мектептин классынын төбөсү урап түшкөнү боюнча атайын комиссия түзүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Чаткал

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>