Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Орусияда Азиз Батукаевдин эжеси суракка алынды
17.10.2019 | 10:04
Орусиянын тергөө органдары кыргызстандык тергөөчүлөрдүн катышуучусу менен кримтөбөл Азиз Батукаевдин эжеси Яха Батукаеваны суракка алышкан. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.
Сурак Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышынын алкагында болгон.
Адвокаттын айтымында, суракта Батукаева агасынын бошотулушуна катышы бар делген бир адамды так атаган эмес.
Белгилей кетсек Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Анын түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши козголуп, учурда соттук жыйын өтүп жатат.
Бул ишке 4 адам айыпталууда. Алар Алмазбек Атамбаев, Калыбек Качкыналиев, Индира Жолдубаева жана Абдухалим Раимжанов. Мындан башка 14 адам тергөө менен кызматташууга барган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар