Бишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөт

18-19-ноябрда Бишкекте Asia Innovation Forum 2026 эл аралык форуму өтөт. Ал санариптик экономиканы, жасалма интеллектти, финансылык технологияларды жана блокчейнди өнүктүрүүгө арналган. Форум Кыргызстандын өкмөтүнүн колдоосу менен «Жаштык Арена» аянтчасында өтөт.
Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык технологиялык компаниялардын, финансы секторунун өкүлдөрү, инвесторлор жана санариптик технологиялар боюнча эксперттер катышат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты – Борбордук Азиянын инновациялык экономикасынын келечегин талкуулоо, инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн табуу.
Катышуучулар криптовалюта рыногун жана санариптик активдерди жөнгө салууну, санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүүнү, жасалма интеллектти киргизүүнү, киберкоопсуздукту жана блокчейнди колдонууну талкуулашат. Банктардын криптокомпаниялар менен өз ара аракеттенүүсү, инвестиция тартуу, электр энергиясынын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен майнингди өнүктүрүү жана Кыргызстандын аймактын финансылык инфраструктурасындагы ролу өзүнчө талкууланат.
Белгиленген спикерлердин арасында:
- Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Фархат Иминов;
- Улуттук банктын башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев;
- Мамфинкөзөмөлдүн төрагасы Кайрат Маматов;
- Татарстан илимдер академиясынын президенти Рифкат Минниханов;
- эл аралык финтех-компаниялардын жана криптоиндустриянын өкүлдөрү.
Форумдун программасында пленардык отурумдар, тематикалык талкуулар, технологиялык долбоорлордун презентациялары жана көргөзмө аймагы бар.
Форум Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсү, 17/7 дареги боюнча өтөт. Программа жана катышуу тууралуу маалымат asiaforum.pro сайтында жарыяланган.
Reporter.kg – Asia Innovation Forum 2026 форумунун расмий медиа өнөктөшү.