Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Ош шаарынын күнүнө карата ат чабыш жана көк бөрү боюнча мелдештер өтөт
18.09.2026 | 10:04

5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата «Төлөйкөн» ат майданында ат чабыш боюнча шаар мэринин кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Мелдеште байгелер төмөнкү аралыктар боюнча ойнотулат:
Батакур чабыш – 6 миң метр аралык:
- 1-орунга 50 миң сом;
- 2-орунга 30 миң сом;
- 3-орунга 10 миң сом.
Кунан чабыш – 12 миң метр аралык:
- 1-орунга автоунаа;
- 2-орунга 100 миң сом;
- 3-орунга 50 миң сом.
Аламан чабыш – 25 миң метр аралык:
- 1-орунга автоунаа;
- 2-орунга 150 миң сом;
- 3-орунга 80 миң сом.
Мындан тышкары, шаар күнүн белгилөөнүн алкагында 2-октябрдан 5-октябрга чейин Ош облусунун райондору арасында көк бөрү боюнча мелдештер өтөт.
Теги: Ош шаары