Таштандыдан жеке маалыматтарга чейин — ЖК кандай мыйзамдарды кабыл алды

Бул аптада парламент үчүнчү окууда эки мыйзам долбоорун кабыл алды. Экөө тең Укук бузуулар жөнүндө кодекске тиешелүү. Биринчиси таштанды таштаган жана көрктөндүрүү эрежелерин бузган адамдарды коомдук иштерге тартууга мүмкүнчүлүк берет. Экинчиси жеке маалыматтар менен иштөөдөгү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке байланыштуу.
Эмне өзгөрөрүн кыска жана жөнөкөй тил менен түшүндүрөбүз.
Таштанды таштасаң — тазалайсың
Биринчи мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Дастан Бекешев. Ал аймактарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуу, таштанды таштоо жана өрттөө, ошондой эле суу чарба курулмаларын бузуу үчүн жазанын түрлөрүн кеңейтүүнү сунуштаган.
Негизги жаңылык — коомдук иштер.
Аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 20 саат коомдук иштер дайындалышы мүмкүн.
Турмуш-тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге таштаган же үйүп койгон адамдарга да 20 саат коомдук иштер каралган.
Өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын же медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштаган, ошондой эле таштанды же жалбырак өрттөгөндөр 20дан 30 саатка чейин коомдук иштерге тартылышы мүмкүн.
Суу чарба курулмаларын бузуу же аларды пайдалануу эрежелерин бузуу үчүн 20дан 40 саатка чейин коомдук иштер каралган.
Мында айып пулдар жоюлбайт. Коомдук иштер жазанын дагы бир түрү катары киргизилет.
Долбоордун авторунун жүйөсүнө ылайык, аймакты булгаган адам аны көрктөндүрүүгө өзү катыша алат. Мындан тышкары, коомдук иштер укук бузуучулар дайыма эле төлөй бербеген айып пулдарга альтернатива болушу керек.
Коомдук иштер — негизги жумуштан же окуудан бош убакта аткарылуучу акысыз эмгек. Мындай жаза кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки баласы бар ата-энелерге, I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга, 55 жаштан улуу аялдарга жана 60 жаштан улуу эркектерге дайындалбайт.
Укук бузуулар жөнүндө кодекс Санариптик кодекске ылайыкташтырылат
Экинчи мыйзам долбоору жеке маалыматтарга байланыштуу. Бул жердеги өзгөртүүлөр негизинен техникалык мүнөздө.
Санариптик кодекс кабыл алынгандан кийин жеке маалыматтарды иштетүү жана коргоо боюнча талаптар өзгөргөн. Ал эми мурда колдонулуп келген «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзам күчүн жоготкон. Эми Укук бузуулар жөнүндө кодекс да жаңы талаптарга ылайыкташтырылууда.
Кодекске жеке маалыматтарды иштетүү жана коргоо талаптарын бузуу, анын ичинде аларды уруксатсыз таратуу үчүн жоопкерчиликти караган жаңы берене киргизилет.
Ошол эле учурда мыйзам долбоорун иштеп чыккандар укук бузуунун маңызы өзгөрбөй турганын белгилешет. Нормалар Санариптик кодекске ылайыкташтырылып, бири-бирин кайталаган жана эскирген беренелер алып салынат.
Жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузган жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул каралган. Эгер бир жылдын ичинде мыйзам бузуу кайталанса, айып пул тиешелүүлүгүнө жараша 250 жана 1200 эсептик көрсөткүчтү түзөт.
Жайкы тыныгуудан кийин Жогорку Кеңеш акырындык менен кадимки иш ыргагына кирүүдө. Сентябрдын башы ири иш-чараларга бай болду. Ал эми парламенттин мыйзам чыгаруу иши эми гана күч алууда.
Наргиза ТОКОЕВА