Бишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?Садыр Жапаров полимер түтүктөрүн чыгарган «Эл Пласт» заводуна бардыУКМКнын үч кызматкери ишкерлерден акча опузалоого шектелип кармалды
Ошто аял менен эркек жергиликтүү тургунду сабап, карактап кеткен
06.09.2023 | 10:08
Ош облусунун Кара-Суу районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-августта милицияга Жийделик айылынын тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 31-августка караган түнү болжол менен саат 00:10до үйүнө бейтааныш “Рахатай” аттуу аял жана эркек киши келип, ур-токмокко алып, 19 миң сом акчасын жана үй тиричилик буюмдарын алып кеткен.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 2-сентябрда шектүү катары 33 жаштагы Р.Д. жана 29 жаштагы С.Д. аттуу жарандар кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз