Бишкекте тургун 88 миң сомдук iPhone’ун алдамчыларга алдырып жиберген

Бишкекте тургун 88 миң сомдук iPhone’ун алдамчыларга алдырып жиберген

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-июнда милицияга Ш.Э. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар телефонун «сатып алам» деген шылтоо менен акча төлөгөнү тууралуу электрондук чекти жасалмалап, 88 миң сомдук iPhone 14 Pro телефонун алып, алдап кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Ш.М. аттуу жаран кармалган.

Ал соттун чечими менен №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0709 09 03 10, 0505 66 01 11 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>