Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Ошто аял менен эркек жергиликтүү тургунду сабап, карактап кеткен
06.09.2023 | 10:08
Ош облусунун Кара-Суу районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-августта милицияга Жийделик айылынын тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 31-августка караган түнү болжол менен саат 00:10до үйүнө бейтааныш “Рахатай” аттуу аял жана эркек киши келип, ур-токмокко алып, 19 миң сом акчасын жана үй тиричилик буюмдарын алып кеткен.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 2-сентябрда шектүү катары 33 жаштагы Р.Д. жана 29 жаштагы С.Д. аттуу жарандар кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз