Чукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтСобянин мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болуудаБакуда КРдин айыл чарба министри Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолуктуБишкекте Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үй жалындап күйүүдөБишкекте мас айдоочу мушташып, андан соң элди бычак менен коркуттуБакыт Төрөбаев «Тулпар Моторс» авто заводуна барды
Өзбекстанда гүлдүн жаңы түрү пайда болду
04.04.2022 | 16:18
Өзбекстанда акыркы 80 жылда биринчи жолу гүлдөрдүн Хайктавон тукумуна таандык жаңы түрү табылганын ал өлкөнүн Илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Сары гүлдүн бул уникалдуу түрү Өзбекстандын Илимдер академиясынын Ботаника институтунун окумуштуулары тарабынан Сурхандарыя облусунун Байсун тоолорунан табылып, Ranunculus tojibaevii деп аталган.
2022-жылдын 1-апрелинде эң популярдуу ботаникалык журналдардын бири PhytoKeys жаңы өсүмдүк түрү жөнүндө макала жарыялады.
Өзбекстандын флорасында Ranunculus тукумуна кирген акыркы жаңы түрү 1941-жылы табылып, Ranunculus vvedenskyi деп аталган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар