Кримтөбөл «Дөө Чыңгыздын» тобундагылар кармалды (ВИДЕО)

Кримтөбөл «Дөө Чыңгыздын» тобундагылар кармалды (ВИДЕО)

Опузалап талап кылуу жана адам уурдоо фактысы боюнча Уюшкан кылмыштуу топ кармалды.  Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (Баңги каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, 2022-жылдын 2-апрелинде КР жарандары  Э.Б., С.С. жана А.М. кармалды.

Буга чейин УКМКга жазуу түрүндө О.Ю. аттуу жаран М.у.А. аттуу анын тууганын уурдап, физикалык күч колдонуп, белгисиз даректеги ижарага алынган батиринде кармап тургандыгы, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар («Доо» каймана аты менен белгилүү) Ч.Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар экендиги такталган.

Учурда кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын бири КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>