Президент көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салуу боюнча мыйзамды кайтарды

11.08.2025 | 21:37

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш кабыл алган «КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды каршы пикирлери менен парламентке кайтарды.

Документ эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну көздөгөн. Бирок Президенттин каршы пикири КР Акыйкатчысынын, Башкы прокуратуранын, Дин иштери боюнча улуттук агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин жана Конституциялык сот аппаратынын корутундуларына негизделди.

Мамлекет башчысы мындай жоопкерчиликти сактап калуу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине, гендердик теңчилик жана укуктун үстөмдүгү принциптерине ылайык келерин, ошондой эле аялдар менен балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top