КР МСК 2,2 млн сомдук косметиканы жана товарларды мыйзамсыз киргизүүгө бөгөт койдуУлуттук госпитал 20-июлдан тарта жаңы акы төлөнүүчү тарифтер менен кабыл ала баштадыКыргызстанда документтери жок 2,2 млн сомдук товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлдуЫсык-Көлдө 1-августта «Салбуурун» фестивалы өтөтҮйдөн бир метр алыстыктагы ТТС: Токмоктун тургуну Садыр Жапаровдон жардам сурайтМСК жеке ишкерлердин каттоо тууралуу кагаз жүзүндөгү күбөлүктөрүн санариптештирди
Бишкекте экинчи Эл аралык “Курак” фестивалы өтүүдө
11.08.2025 | 18:56

Бишкекте 11–13-августта экинчи эл аралык «Курак» фестивалы өтүп жатат. Иш-чараны «СКерамос» ЖЧКсы жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурду.
Фестивалга 10 өлкөнүн ууздары катышып, курак өнөрүн чеберчилик менен көрсөтүп, мастер-класстар өтүшөт. Иш-чаранын негизги максаты — жаштар менен мүмкүнчүлүгү чектелгендерди чыгармачылыкка тартуу, текстиль калдыктарын кайра иштетүү маданиятын жайылтуу жана курактын маданий мурасын сактоо.
Ачылышында катышуучу өлкөлөрдүн желектер парады, автордук коллекциялардын мода көрсөтүүсү жана маданият аралык долбоорлор презентацияланды.
Фестиваль 12-13-августта улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар