Президент порнография үчүн укук жоопкерчилигин караган мыйзамга кол койду

12.08.2025 | 09:39

Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамдын максаты коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын, ошондой эле инсандын рухий-жүрүм турумдук саламаттыгын коргоо болуп саналат. Ал 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү, аудиоматериалдарды же башка предметтерди сатууну, максат кылбастан даярдоо, көрсөтүү, сактоо же жарнамалоо, же мындай предметтерди башка жолдор менен жайылтуу, анын ичинде Интернет тармагы аркылуу жайылтуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген өзгөртүү киргизүү сунушталат.   

Scroll to Top