РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
TON FEST 2025: Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде музыка, маданият жана туризм майрамы өтөт
12.08.2025 | 09:37

15–17-августта Ысык-Көлдүн кооз «Сказка» каньонунда жана Royal Gate эс алуу базасында эл аралык TON FEST фестивалы өтөт.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара музыка, маданият жана туризмди бириктирген өзгөчө форматта уюштурулат.
Программада Голливуд жылдыздары жана Азия, Европа, Чыгыш өлкөлөрүнүн белгилүү артисттеринин концерттери, этномаданият жана көчмөндөр адеп-ахлагы боюнча мастер-класстар, үй-бүлөлүк баалуулуктарга арналган иш-чаралар бар.
Коноктор үчүн трансфер, кемпинг жана VIP-кызмат көрсөтүү каралган.
Толук маалымат жана билеттер: tonfest.kg
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият