Бишкектин муралдары: Катревичтердин үй-бүлөсү эски дубалдарга кантип жан берет?Сергей Шойгу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына согуш жылдарындагы элдердин эрдиги тууралуу уникалдуу китептер сериясын тапшырдыЧүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалды
Президенттин карындашынын колун сураган жигит менен иниси боюнча сот иши жыйынтыкталды
14.10.2025 | 10:51

Сот Автандил Сабырбеков жана анын бир тууганы Тариэл Сабырбековдун иши боюнча өкүм чыгарды.
Маалыматка караганда, Автандил Сабырбеков «Курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Анын бир тууганы Тариэл Сабырбеков болсо «Прокурордун же тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга кесилди.
Бирок экөө тең 2024-жылдын июлунан бери камакта болушкандыктан, сот алардын камактагы убактысын жаза мөөнөтүнө кошуп эсептеп, жаза өтөлдү деп чечим чыгарды.
Ошондой эле сот бир туугандарды «Баңгизат даярдоо жана сатуу» беренеси боюнча актаган.